Ташиев: мамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоодон башталышы керек. Видео

УКМК төрагасы коррупция, криминалга байланышы бар талапкерлерди тизмеден чыгаруу зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Мамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоолордон башталышы керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районундагы (Баткен) "Кайрагач" чек ара заставасын ачып жатканда билдирди.
Анын айтымында, шайлоо маалында мыйзам бузган талапкерлер катуу жазаланып, административдик ресурс колдонулбайт.
"Артында калбыры бар, криминалга, коррупцияга аралашкан, мыйзам бузгандардын баарын тазалаганга аракет кылдык. Парламентте туура эмес шайлангандардын баарын ордуна келтирдик. Шайлоого бараткан партиядагы ар бир талапкерди кылдат текшерип чыккыла. Алардын криминалга, коррупцияга тиешеси болсо же тууган-уругу аралашса тизмеден чыгаргыла. Шайлоо маалында кайсы бир талапкер мыйзам бузууга барса, ал мыйзам чегинде катуу жазаланат. Мамлекетти башкаруудагы тазалануу шайлоодон башталышы керек. Шайлоого катышкан саясатчы катары ушунун азабын көп тарттым. Ошентип кыйнап-кыстап жүрүп добуш бердирткен партиялар, депутаттар азыр каякта калды", — деди Ташиев.
Ташиев күч структураларынын жетекчилерине бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Камчыбек Ташиев Баткендеги ипотекалык үйлөргө капсула салды. Сүрөт