Кыргызстан банктары жарым жылда 300 млрд. сомдук чет элдик валюта сатты

Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын банктарынын кассасына чет элдик валюталарды сатуудан 297 миллиард 49 миллион сом түштү.
Улуттук банк каражаттар сом менен келгенин белгиледи.
Кварталдар менен алганда көрсөткүч төмөнкүдөй болгон:
Биринчи квартал — 172 миллиард 453,5 миллион сом;
Экинчи квартал — 124 миллиард 595,5 миллион сом.
Эске салсак, кеп банктар жана накталай акчанын келип түшүүсү туурасында болуп жатат. Өткөн жылдын ошол эле мезгилинде чет элдик валютанын сатуу көлөмү дээрлик 221 миллиард сомду түзгөн.
Улуттук банк 54,5 миллион доллар сатты, чет элдик валюта кымбаттоодо