Күрөш боюнча жаштар курама командасы дүйнө чемпионатына катышат. Тизме

Мелдеш 19-28-октябрь күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жаштар арасындагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Албанияда боло турчу дүйнө чемпионатына катышарын Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, мелдеш 19-28-октябрь күндөрү Тирана шаарында өтөт.
Эркин күрөш боюнча курама команданын тизмеси:
Абдымалик Карачов - 57 кг;
Канат Керимбеков - 70 кг;
Орозобек Токтомамбетов - 74 кг;
Мухаммад Абдуллаев - 79 кг;
Бекзат Рахимов - 86 кг;
Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков — улук машыктыруучу;
Руслан Маджинов — башкы машыктыруучу.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
Акыл Сулайманов - 60 кг;
Мухаммед Калбаев - 63 кг;
Раззак Бейшекеев - 67 кг;
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Ырыскелди Максатбек уулу - 77 кг;
Бекзат Орункул уулу - 82 кг;
Асан Жанышов - 87 кг;
Нурмамбет Райымалы уулу - 97 кг;
Эрлан Манатбаев - 130 кг;
Азат Эркинбаев — башкы машыктыруучу;
Арсен Эралиев — улук машыктыруучу.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
Арууке Кадырбекова - 55 кг;
Сезим Жуманазарова - 59 кг;
Калмира Билимбекова - 62 кг;
Дилназ Сазанова - 65 кг;
Нурзат Нуртаева - 68 кг;
Байгазы Кенжебаев — улук машыктыруучу;
Билимбек Капарбек уулу — машыктыруучу.
Маданий жана спорттук иш-чараларга билет саткан бирдиктүү система киргизилет