Карл III Австралиянын республика болушуна тоскоол болбой турганын айтты

Акыркы жолу Австралияда республикалык башкаруу формасын түзүү боюнча референдум 1999-жылы өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Британиянын падышасы Карл III Австралиянын республика болушуна тоскоол болбой турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Британиянын падышасы формалдуу түрдө Австралиянын дагы башчысы болуп эсептелип келет.
"Бул маселе тыкыр изилденип чыкты. Монарх министрлеринин кеңеши боюнча иш алып барат. Ошондуктан Австралия республика болушу керекпи деген маселени аталган өлкөнүн эли чечиши керек", — деп жазылган аталган республикалык кыймылга жолдонгон катта.
Бул падышанын Австралияга болчу иш сапарын утурлай, республикалык кыймылдын талапкерлери менен жолугушууга чакырууга жооп экени айтылды. Белгилүү болгондой, чакыруу кабыл алынган эмес. Аталган кыймылдын мүчөлөрү монархка Австралиянын республика болушун соңку убакта көпчүлүк колдоп жатканын билдиришкен.
Маалыматтарга ылайык, австралиялык республикачылар монархияга каршы нааразылык акцияларды пландоодо. Алар муну менен бул аймактын көз карандысыздыгы боюнча маселеге көңүл бурдуруп жатканын айтышкан.
Акыркы жолу Австралияда республикалык башкаруу формасын түзүү боюнча референдум 1999-жылы өткөн. Анда дээрлик 55 пайызы британ таажысынын алдында калууга добуш беришкен.
Бүгүнкү күндө британ монархы формалдуу түрдө 14 өлкөнүн башчысы болуп саналат.
Буга чейин Букингем сарайы 18-октябрдан 26-октябрга чейин расмий сапарынын алкагында Карл III Австралия менен Самоага бара турганын билдирген. Бул анын падыша катары биринчи сапары болмокчу.
РФ ТИМи: Британия өзүнө "фейктин очогу" макамын биротоло ыйгарып алды