Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германиянын Киевге мындан ары "ири аскердик техника" бербей турганы айтылды

Немец гезити Германиянын Коргоону министрлиги Киев жакында каршы чабуул жасай албайт деп эсептеп жатканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Бундесвер мындан ары Киевге "ири аскердик техника" бербейт. Бул тууралуу Bild басылмасы жазганын RT кабарлады.
Немец гезити Германиянын Коргоону министрлиги Киев жакында каршы чабуул жасай албайт деп эсептеп жатканын жазган.
Басылманын маалыматында, Бундесверде 300гө жакын техника бар экенине карабай, мындан ары Украинага БМП, гаубицалар жана Leopard-2 танкалары берилбей турганы белгиленген.
Bild гезити Зеленский Берлинде Шольц менен болгон акыркы жолугушууда эки талап койгонун билдирген. Алар — Taurus ракеталары менен Россиянын аймагына атууга уруксат берүү жана НАТОго тезирээк кабыл алуу. Германиянын канцлери "жок" деп да, "ооба" деп да жооп бербегени белгиленди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Өкүлдөр палатасынын башчысы Украинаны каржылоо ниети жок калганын айтты