Эгемен Кыргызстандын биринчи элчилигинин тарыхы. Тилектеш Ишемкуловдун маеги

24-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 33 жылдык мааракесин белгилейт. 1991-жылы республика эгемендүүлүк алган соң ведомствонун кызматкерлери коңшу мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүүгө чоң эмгек кылышты.
Sputnik
Ал кезде аталган министрлик жаңыдан түптөлүп, мамлекет жетекчилиги дүйнөлүк аренада тышкы саясатты кандай нукта жүргүзүүнү билбей турган учур эле. Бир жагынан адистер аз болчу. Экинчи жагынан ведомство жетишерлик каржыланчу эмес. Буга карабастан ТИМ туңгуюктан чыга алды. Эгемен Кыргызстандын эң биринчи элчилиги кошуна Казакстанга ачылган. Тарыхый процесс тууралуу колумнист Алмаз Батилов өлкөнүн Казакстандагы туңгуч элчиси Тилектеш Ишемкулов менен маектешкен.
"1992-жылы мени вице-премьер Абдыганы Эркебаев чакырды. "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору элем. Жетекчилик Россияга элчилик ачууга ниеттенип калган экен, эң биринчи дипмиссияны коңшу Казакстанда ачуу абзел экенин, казактар кыргызга абдан жакын эл экенин айттым. Акыры сунушум боюнча Казакстанда элчилик ачылды. Акаев 1992-жылы декабрда Казакстанда Кыргызстандын дипломатиялык миссиясын ачып, мени элчи кылып дайындоо, атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи рангын ыйгаруу тууралуу үч жарлыкка кол койду. Мындай окуя өлкөнүн тарыхында сейрек болгон", — деди Ишемкулов.
Дипломат иштеги айрым тоскоолдуктар тууралуу да айтып берген.
Тема боюнча:
Космонавттарды даярдаган Кыргызстандагы окуу жай. 36 өлкөдөн келип билим алгандар