Сауд Арабия министри: Бивол менен Бетербиевдин беттешинин жыйынтыгы тууралуу

Бивол эки раундга көбүрөөк жеңди. Сауд Арабиянын министри боксчулар тууралуу
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Сауд Арабиянын оюн-зоок иштери боюнча министри Түрки Аль аш-Шейх Бивол менен Бетербиевдин беттеши адилетсиз аяктаганын билдирди.
Беттеш жекшембиге караган түнү өттү. Калыстар тобу жеңишти Бетербиевге ыйгарган.
"Менимче, бул соңку 20 жылдагы эң сонун кармаштардын бири болду. Бирок мага жыйынтыгы адилетсиз чыккандай туюлду. Эки мушкер тең мага бир туугандай, бирок мында Бивол эки раундга көбүрөөк жеңди го дейм. Реванш уюштурууга аракет кылам. Эгер алар макулдугун берсе, биз муну жасайбыз", — деди оюндун негизги уюштуруучусу.
Бивол кармаштан кийинки маалымат жыйынында реваншка даяр экенин билдирген, Бетербиев азырынча буга жооп кайтара элек.
Бивол WBA Super, IBO версиялары боюнча чемпион наамын сактап калды. Видео