Бивол дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн күрөштө утулду. Спортчунун видеосу

Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары калыстар тобу Биволду "тоноп" кеткенин жазууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Токмокто туулуп-өскөн Дмитрий Бивол "Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону" наамы үчүн күрөштө атаандашы Артур Бетербиевге упай эсебинде утулуп калды.
12 раунддук кармаш Эр-Рияд шаарында өткөн. Калыстар тобунун эсеби төмөнкүдөй болгон: 114-114, 115-113, 116-112.
Бул — Биволдун карьерасындагы биринчи жеңилүү ызасы. Мында калыстардын чечими далай талаш-тартыш, кызуу талкууга жем таштады. Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары жеңиш раунддарда жакшы туруштук берген булгаары мээлейчен Биволдуку экенин айтып жатышат. Алар калыстар тобу Биволду "тоноп" кеткенин жазышууда. Айрымдар беттеш жок дегенде тең чыгышы керек эле деген ойдо.
Бивол кармаштан соң актанып, түшүндүрүп отурган адатты жаман көрөрүн айтып, Бетербиевди жеңиши менен куттуктап, аны реваншка чакырган.
Беттештен соң Биволдун жанында Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу жүргөн.
Бул беттеште эки боксчу тең 10 миллион доллардан табышты.
Бивол WBA Super, IBO версиялары боюнча чемпион наамын сактап калды. Видео