Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы

Апта аягында абанын температурасы төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан апта жаанчыл болушу күтүлүүдө. 18-октябрга чейин көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы да төмөндөйт. Бишкекте 13-14-октябрга чейин жамгыр жаап, абанын температурасы күндүз 11...13 градустун тегерегинде болот.

Чүй, Талас облустары

Бул эки аймакта жума күнгө чейин күндүн көзү ачылбай, жамгыр жаай турганы айтылды. 18-19-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Таласта күндүз 10...12, Чүйдө 8...13 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Түштүк аймактарда апта ичи жаанчыл болору айтылды. 14-октябрдан тарта кээ бир жерлерге жамгыр катуу жаап, тоо этектериндеги райондорго кар түшүүсү ыктымал. Абанын температурасы Ошто күндүз 17...19, Жалал-Абадда 14...16, Баткенде 16...18 градустун тегерегинде болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө дагы жамгыр жаап, тоолуу аймактарына кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы күндүз 12...17 градусту көрсөтсө, түнкүсүн 5...10 градус болот. Нарында да 18-октябрга чейин жамгыр, тоолоруна кар жаай турганы айтылды. 18-19-октябрь жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз аптанын башында 13...15 градус жылуу болсо, жума аягында сууктап 6...8 градуска төмөндөйт.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы