"Ойго келбеген жорук". Харристин эл алдына чыккан учуру талкууга алынууда

Харристин Аризонадагы шайлоочулар менен жолугушуусундагы жоругу кызуу талкуу жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШ президенттигине талапкер Камала Харристин Аризонадагы шайлоочулар менен жолугушуу маалында эл менен телесуфлерсуз "жалпак тилде" сүйлөшүү аракети менен каткырыгы кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу The New York Post басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Чогулган эл анын ашыкча жөнөкөйлүгүнө кубанса, социалдык тармактын колдонуучулары муну көп жактырбады", — деп айтылат маалыматта.
Fox News телеканалынын саясий серепчиси Жо Конча Харристи "бардык убактагы эң начар талапкер" деп атады.
Дональд Трамптын мурунку кеңешчиси Стив Кортес дагы ушундай эле ойду айтып, Харристи "ойго келбеген", "түшкө кирбеген" эң начар талапкер деп атады.
"Муну көрүүнүн өзү эле оор болду... Камала Харристин телесуфлерсуз сөзү — демократиялык партиянын ойго келбеген эң начар жоругу", — деп билдирген Кортес.
Камала Харрис өткөн жума күнү Аризонадагы шайлоочулар менен жолугушуусунда алдыдагы шайлоонун маанилүүлүгү тууралуу кеп козгоп, ал "бир нерселерге бай" экенин айтып туруп, каткырып жиберген.
Буга чейин психиатр Кэрол Либерман NYP басылмасына берген маегинде эл алдында сүйлөөдө пайда болгон тынчсыздануу психикалык синдромдон кабар берерин айткан.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Ат салышууга Демократиялык партиядан Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан Дональд Трамп чыккан.
Ак үй шайлоодон улам башаламандык болот деп кооптонуп жатат