Трамп: АКШ өкмөтү 3-4 айдан кийин үчүнчү дүйнөлүк согушту чыгарышы мүмкүн

Трамп ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңсе Украинадагы жаңжалды жөнгө салып, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыкты токтотууга убада берди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. АКШнын азыркы бийлиги бир нече айдын ичинде үчүнчү дүйнөлүк согушка кептеши мүмкүн. Бул тууралуу президенттикке талапкер Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.
Ал ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңсе Украинадагы жаңжалды жөнгө салып, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыкты токтотууга убада берди.
"Алдыдагы үч айга тынчсызданып жатам. Үч жарым-төрт айдын ичинде бийликтеги адамдардын айынан дүйнөлүк согушка кептелип калышыбыз ыктымал", — деди саясатчы.
Трамп мурадараак атаандашы Камала Харрис үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын ала албасын айткан. Республикачылардын айтымында, эгер бул айым жеңсе Вашингтон менен Россиянын ортосунда аскердик жаңжал болот.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Демократиялык партиядан вице-президент Харрис, ал эми республикачылардан мурдагы президент Трамп ат салышууда.
Венгрия Харристин өлкө премьери тууралуу айтканын "орунсуз" деп сыпаттады