14-октябрга карата аба ырайы

14-октябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. 14-октябрь, дүйшөмбүдө, көпчүлүк аймактарга жамгыр, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +17...+22 градус, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +15...+20 градуска чейин көтөрүлөрүн айтышты.
Термометр Бишкекте +12...+14 градусту көрсөтүп, мезгил-мезгили менен жамгыр төгөт. Ош шаарында абанын температурасы +20...+22 градуска жетет.
Жаанчыл болот. Бир жумага карата аба ырайы