Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өлкөдө жеке жана мамлекеттик нотариустардын ыйгарым укуктары теңдештирилди. Тактап айтканда, эми жеке нотариустар да бардык тиешелүү операцияларды жүргүзө алышат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, нотариустардын палатасы жана окуу борбору түзүлдү. "Нотариустар боюнча мыйзам 1998-жылы кабыл алынган. 25 жылдан соң гана өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, бул жаатта реформа жүрдү. Мурда башаламан стандарттарда иштеп келген документтердин типтүү үлгүлөрү эки тилде жасалды. Муну менен катар реформанын жыйынтыгында 30га чукул нотариус лицензиясынан ажыратылды", — деди Сыдыков. Ошондой эле жарандар мураска өткөрүп берүүдө жана мүлк сатууда 30 секундалык видеокайрылуу жасоого милдеттендирилерин дагы кошумчалады.
Боом капчыгайында 14-18-октябрда таш кулатылып, автоунаалардын жүрүшү чектелет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 128-чакырымында күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин таш кулатуу иштери жүрөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен каттайт. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, автоунаалар өткөрүлөт. Мындай иштер сел жана таш кулоону алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Улуттук тарых музейинде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган жаңыланган экспозиция бѳлүмү ачылып, "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнѳ 100 жыл" аталышындагы кѳргѳзмѳ уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, көргөзмөдө Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Жанузаков, Төрөкул Айтматов жана башка мамлекеттүүлүктүн башатын түптөгөн көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана ишмердүүлүгүн чагылдырган эмгектер коюлат. Ошондой эле архивдик документтер, сүрөттөр жана буюм экспонаттары аркылуу кызыктуу маалымат берилери кошумчаланды.
Эгер НАТО 2021-жылы Россия менен анын коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишимин талкуулап сөзгө келгенде, азыркыдай кырдаал болбойт эле. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди. "Тилекке каршы, талкуу болбой калган. Андан бери үч жылдай убакыт өттү. Балким, азыр менин айткандарымдын мааниси жок сезилер, бирок диалог болушун каалайт элем. Анткени убагында сүйлөшүүлөр жүрсө азыркыдай кырдаал болмок эмес", — деди министр. Эскерте кетсек, 2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги тууралуу келишимдин долбоорун жарыялаган. Ал эми 26-январда Вшингтон менен Брюссель Москванын сунушуна жооп кайтарган болчу. Коопсуздук кепилдиги боюнча келишимде Россия альянстын мындан ары кеңейишине жана ага Украинанын кошулушуна жол бербөөнү, Украинанын жана Чыгыш Европа, Закавказье, ошондой эле Борбордук Азиянын аймагында аскердик и