Венгрия Харристин өлкө премьери тууралуу айтканын "орунсуз" деп сыпаттады

Венгрия тышкы иштер министри америкалыктардан сый мамиле күтүшөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. АКШнын вице-президенти жана президенттикке талапкер Камала Харристин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын дарегине карата айткан сөздөрү орунсуз. Мындай пикирин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новости агенттигине билдирген.
"Адегенде эле бул чыр тууралуу, менин премьер-министрим тууралуу мындай кепти айтуу – чатак. Бул бир гана премьерди эмес, бүтүндөй венгр элин сыйлабастык", — деп белгилеген ал.
Ушул аптада CBS News телеканалынын Late Show with Stephen Collbert берүүсүндө алып баруучу мурдагы президент Дональд Трамп Виктор Орбан, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын менен ынак мамилеси тууралуу айтып бергенди жактырарын айткан. Бул учурда Харрис анын сөзүн бөлүп, жогоруда саналгандардын баарын "диктаторлор, автократтар" деп атап, "ал тургай адам өлтүргүчтөр десе да болот" деген.
Сийярто Орбан венгр элинин колдоосу менен премьер-министрлик кызматты 14 жылдан бери аткарып келе жатканын белгиледи.
"Жогорудагыдай кептер сыйлабастыкты билдирет, өзгөчө союздаш өлкөлөр ортосунда андай сөз айтылбашы керек", — деп кошумчалаган министр.
Мындан тышкары, Сийярто "Харристин айткандары Венгрия менен АКШнын ортосундагы мамилеге кесепетин тийгизбейби?" деген суроого жооп берип жатып "бул жакшы башталыш эмес" деген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Трамп менен Харристин Украина боюнча айткандары төбө чачты тик тургузду