Радио

Капаров: 9 айда 60 автобус айдоочусу иштен алынды

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров бир айда 3-4 жолу пландык рейд жүрүп, коомдук транспорттор текшерилерин айтты.
Sputnik
Коомдук транспортто тейлөөнүн сапаты тынбай көзөмөлдөнүп, эреже бузган айдоочулар катуу жазаланып жатат. Бул тууралуу Талант Капаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаңы автобустардын айдоочуларына унааны "жакшы колдонгула" деген талап коюлуп жатат.
"Эреже бузган айдоочуларга сый акыдан ажыратуу, айлыгын кыскартуу, эскертүү, сөгүш берүү, жумуштан кетирүү сыяктуу жазалар колдонулат. Алардын ишин тартиптик комиссия карап, тиешелүү чечим кабыл алат. Жыл башынан бери жол эрежесин одоно бузган 60тай айдоочу иштен кетти", — деди Капаров.
Ошондой эле ал жакшы иштегендерге мыкты сыйлыктар дагы каралганын кошумчалады.