Мелдештерди баяндап жатып ыйлаган учурлар болот. Спорт баяндамачысы менен маек

Сиз спорттук мелдештерди улуттук телеканалдан көрүп жатып бүгүнкү каарманыбыздын үнүн уккансыз. Бирок ал үн кимге таандык экенин этибар албаган чыгарсыз.
Sputnik
Бул ирет дал ошол републикалык жана дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук мелдештерди баяндаган Бексултан Усеналиев менен маек курдук.
"Бул кесипте жалаң фанаттар иштеп калат. Анткени көп акча таба албайсың, өтө байып кетпейсиң. Беш жыл штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштегенден кийин мен дагы Россияга кеткем. Бирок кайсы жерде жүрсөм да медианын, спорттук баяндамачылыктын казанында эле кайнашым керек экенин түшүнүп, кайтып келгем", – деди ал.
Усеналиев өзү эмоционалдуу адам экенин, мелдештерди баяндоодо эмоциясын башкара албай калган учурлар болорун да белгиледи.
Бексултан ашыкча салмак менен жашап, кийин гана эрк топтоп арыктаганын да айтып берди. Салмагы 130 килограммга жеткен учуру болгон, кийин 85 килограммга чейин салмак таштаган.
Тема боюнча:
"Колуман келбейт" деген сөздү айтпаган блогер Жакшылыктын маеги