Сергей Волков КРСУ ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Волков кызматына 14-октябрдан тарта киришет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Сергей Волков Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мындай чечимди Россиянын Билим берүү министрлиги кабыл алды. Ал кызматына 14-октябрдан тарта киришет.
РФтин Билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский бизге билдиргендей, Кыргыз-Россия Славян университетинин өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргызстандыктардын россиялык стандарттары боюнча билим алышы өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүн КРСУнун алдында чоң милдеттер турат. Билим берүү программаларын жаңылоо, материалдык базаны бекемдөө, университетти башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүү зарыл. Россиянын президенти КРСУнун жаңы кампусун куруу чечимин чыгарган. Кыргызстандын президентинин чечими менен университет 2024-жылы өзгөчө статуска ээ болду.
Кампус — бул төрт дубал эле эмес, университеттик чөйрөнүн толук өзгөрүшү, инфраструктуранын жакшырышы. Бул өз кезегинде Бишкектин өнүгүшүнө салым кошот.
Куруу, өзгөчө кампусту толтуруу – бул универститеттин жетекчилигинен көп нерсени талап кылган иш. Андыктан, өкмөттөр аралык келишимдин негизинде, өзүн мыкты көрсөтө алган Сергей Волковду дайындоо чечими кабыл алынды. Эми ал Денис Фомин-Нилов баштаган ишти улантып, КРСУну жаңы деңгээлге чыгарышы зарыл. Мугалимдер үчүн жакшы шарттарды түзүп, жумуш берүүчүлөрдүн жана илимий өнөктөштөрдүн көңүлүн бура турган шарттарды даярдоо зарыл.
Министрдин орун басары 15-октябрда Бишкекке келип, ректордун милдетин аткаруучуну ЖОЖдун жалпы жамаатына тааныштырмай болду.
Волков көп жылдар бою Г.И.Носов атындагы Магнитогорск мамлекеттик техникалык университетинин административдик-чарбалык иштер, капиталдык курулуш жана оңдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, экономика жана каржы маселелери боюнча проректору кызматын аркалаган.
КРСУну трансформациялоонун биринчи этабы жыйынтыкталды