Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Өкүлдөр палатасынын башчысы Украинаны каржылоо ниети жок калганын айтты

Саясатчы согуштан баары чарчады, баары анын бүтүшүн каалап жатат деген ойдо.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Майк Жонсон мындан ары Украинаны каржылоону каалабай турганын жана президенттик шайлоодо жаңжалды жөнгө сала ала турган партиялашы Дональд Трамп жеңет деп үмүттөнөрүн билдирген. Бул тууралуу ал порталына курган маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"Мен АКШ мындан ары Украинаны каржылашын каалабайм, буга муктаждык да жок деп үмүттөнөм. Шайлоодо Трамп жеңип чыкса, ал жаңжалды токтото алат деп ишенем. Трамп РФ президенти Путинге чалып "жетишет" дейт. Бул согуштан баары чарчады, баары анын бүтүшүн каалап жатат деген ойдомун", — деген ал.
Жонсон АКШнын президенти болуп демократ Камала Харрис шайлана турган болсо согуш токтобойт деп эсептейт.
"Бул эми айласыздыктан түзүлгөн кооптуу сценарий болуп калат", — деген спикер.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россия атайын операциясын баштагандан бери Америка жана анын союздаштары тарабынан Украинага берилген жардам 242 миллиард долларды түзгөнүн айткан. Мамлекеттик департамент башчысынын маалыматы боюнча, Кошмо Штаттар 94 миллиард, Европа жана Азиядагы башка өнөктөштөрү 148 миллиард доллар берген. Ал эми Россия Украинага курал жеткирүү жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук кылып, НАТО өлкөлөрүнүн согушка түздөн-түз катышуусун шарттайт деп эсептейт.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавровдун айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Украинаны Батыш тарабынан куралдандыруу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтыкка алып келерин эскертүүдө.
Ал эми Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жетсе Украинадагы жаңжалды ант берүү аземине чейин эле токтото аларын билдирип келет. Кремль Трамптын Украинадагы согушту токтотууга ортомчу болушуна даярдыгына кандайдыр бир баа берүүдөн мурун АКШдагы президенттик шайлоонун аякташын күтүү керектигин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессте Зеленскийдин талаптары эми мурдагыдай аткарылбай турганы айтылды