Радио

Матиев: ОПЕК фонду менен макулдашууга жетиштик

Экономика жана коммерция министрлигинин жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев Кыргызстан эл аралык ОПЕК фонду менен биргеликте жеке сектордук кызматташуу жаатында алкактык макулдашууга кол койгонун айтты.
Sputnik
ОПЕК өнүктүрүү фонду каржы булагын негизинен үч багытта бөлөт. Биринчиси — мамлекеттик долбоорлор менен өнүктүрүү программалары, экинчисинде төлөм баланстарын колдоп, ошондой эле жеке секторлорду каржылайт. Бул тууралуу Алибек Матиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ОПЕК фонду сегиз багытта (айыл чарба, билим берүү, медицина, энергетика, финансы, транспорт, көп тармактуу жеке секторлор, суу менен камсыздоо жана санитария) ишмердүүлүк жүргүзөт.
"Ушул жылдын 22-августунда министрлер кабинетинин койгон тапшырмасына ылайык, сырттан жеңилдетилген шартта ири долбоорлорго каражат тартуу максатында ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду менен жеке сектордук кызматташуу жаатында алкактык онлайн-макулдашууга кол койгонбуз. Учурда аны мыйзамга жараша ратификациялап жатабыз. Аталган макулдашуунун ичинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыяларды жана кепилдиктерди алса болот. Ошондой эле кабыл алуучу өлкө Кыргызстанда катталган компаниялардын акцияларын сатып алып же ошолорго каражат берүү, финансылык каражаттарды карызга алуу, сактоо, пайдалануу жана каалаган валютада эсеп жүргүзүү да каралган. Акыркы беш жылда Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Грузия дагы бул уюм менен макулдашууга жетишкен. Ачык булактардагы мааалыматтар боюнча, Өзбекстан да ОПЕК фондунан 500 миллион доллар алды. Ортодогу алкактык келишимдин негизинде ОПЕК фонду бизге жылдык 1,5 пайыз менен каражат бөлөт. Негизинен булар жеке секторлорго караганда мамлекет кепилдик берген долбоорлорго азыраак пайыз менен каражат берет. Коюлган алкактык макулдашууну мыйзам түрүндө бекиткенден кийин сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен өзүбүздүн жана алардын шарттарын карап, колдон келишинче жеңилдетилген шартта кароо жүрөт", — деди Матиев.
Ал аталган фонд айрым долбоорлорго донор катары грант бөлүп берерин да кошумчалады.