Радио

Реформанын натыйжасында 30дай нотариус лицензиясынан ажыратылды

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков нотариус боюнча мыйзамга 25 жылдан кийин өзгөртүү, толуктоолор киргизилгенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө жеке жана мамлекеттик нотариустардын ыйгарым укуктары теңдештирилди. Тактап айтканда, эми жеке нотариустар да бардык тиешелүү операцияларды жүргүзө алышат. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, нотариустардын палатасы жана окуу борбору түзүлдү.
"Нотариустар боюнча мыйзам 1998-жылы кабыл алынган. 25 жылдан соң гана өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, бул жаатта реформа жүрдү. Анын алкагында нотариалдык аракеттер 25ке көбөйдү. Мурда башаламан стандарттарда иштеп келген документтердин типтүү үлгүлөрү эки тилде жасалды. Электрондук нотариат 2 ишке кирди. Бүгүнкү күндө бардык иш-чаралар face ID катышуусунда жана республика боюнча уникалдуу номер, QR-код чыгаруу сыяктуу корголуучу элементтер менен өткөрүлөт. Реформанын жыйынтыгында 30га чукул нотариус лицензиясынан ажыратылды", — деди Сыдыков.
Ал эми жарандар мураска өткөрүп берүүдө жана мүлк сатууда 30 секундалык видеокайрылуу жасоого милдеттендирилери кошумчаланды.