Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Венгриянын ТИМ башчысы НАТОнун Украинаны жаңжалга кептеген катасын атады

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Эгер НАТО 2021-жылы Россия менен анын коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишимин талкуулап сөзгө келгенде, азыркыдай кырдаал болбойт эле. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
"Ал күндөр эсимде. Менимче, ийри отуруп, түз кеңешкен талкуу жетпей калган", — деди дипломат.
Сийярто талкуу менен диалогдун күчүнө ишенерин белгиледи.
"Тилекке каршы, талкуу болбой калган. Андан бери үч жылдай убакыт өттү. Балким, азыр менин айткандарымдын мааниси жок сезилер, бирок диалог болушун каалайт элем. Анткени убагында сүйлөшүүлөр жүрсө азыркыдай кырдаал болмок эмес", — деди министр.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын соңунда Россия АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиги тууралуу келишимдин долбоорун жарыялаган. Ал эми 26-январда Вшингтон менен Брюссель Москванын сунушуна жооп кайтарган болчу. Коопсуздук кепилдиги боюнча келишимде Россия альянстын мындан ары кеңейишине жана ага Украинанын кошулушуна жол бербөөнү, Украинанын жана Чыгыш Европа, Закавказье, ошондой эле Борбордук Азиянын аймагында аскердик ишмердүүлүктөн баш тартууну сунуштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи: Украина аскерлери Курск жашоочуларын атып жатат, ал эми Батыш унчукпай турат