Кыргызстандан сыртка канча акча кайсы валюта менен которулду. 3 айдын маалыматы

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында Кыргызстандан акча которуулар эл аралык системалар аркылуу доллар, евро, рубль жана теңге болуп валютанын төрт түрү боюнча жөнөтүлгөнүн Улуттук банктан кабарлашты.
Апрелден июнь айына чейин 10,1 миллиард сом которулган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр кыскарган.
II кварталда төмөнкүдөй каражат которулган:
92,3 миллион доллар;
0,4 миллион евро;
2 миллиард 100,8 миллион рубль;
139,4 миллион теңге.
Кыргызстанга акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан которулган