БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы 770 миңден ашык адам же калктын 11 пайызынын психикалык саламаттыгы жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында айтылат.
2022-жылдагы изилдөө боюнча, өлкөдөгү өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого дуушар болгону белгиленген.
"Бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, тынчсызданууга, стресске жана өзүн-өзү сыйлабоого алып келет", — деп айтылат маалыматта.