Бишкек ШИИББдин жетекчисинин орун басары иштен алынды. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Данияр Рыскулов өздүк курам ичиндеги тартиптин одоно бузулушунан улам кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ШИИББде кечээ шаардык милициянын 9 айдын ичиндеги ишинин жыйынтыгы каралган.
"Жыйында шаардык милициянын башчысы Азамат Токтоналиев мыйзамдуулук жана кызматтык тартипти сактоо боюнча катуу талаптарды коюп, ишинде начар жыйынтык көрсөткөн 10 жетекчи тартиптик жаза алган", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чарага күчөтүлгөн тартипте даярдык көрүү жана 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
Көмүр кенге мыйзамсыз жол курулуп, мөңгү талкаланган. Прокуратура иш козгоду