13-октябрга карата аба ырайы

13-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 13-октябрь, жекшембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +22...+24 градуска көтөрүлөт.
14-октябрдан тарта Боомдо таш кулатылып, автоунаалар бир тилке менен жүрөт