ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине Иранга экспортту күчөтүү сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесин товарларды Иранга экспорттоого чакырды.
Ал Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун интеграция, соода жана бажы саясаты боюнча комитетинин жана Дүйнөлүк соода уюмунун жыйынында сүйлөдү.
Слепнев ЕЭК делегациясынын 3-декабрдан 6-декабрга чейин Тегеран шаарында өтө турган Евразия ЭКСПО-2024 көргөзмөсүнө боло турган сапары тууралуу маалымат берди.
Министр ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда толук масштабдуу эркин соода келишими ишке кирер алдында уюмга мүчө мамлекеттердин компанияларын экспорттук товарларды илгерилетүү боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырды.
Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода алакасы бекемделүүдө