Ата Мекендик согушта жоголгон жоокерлердин маалыматы Кыргызстанга берилди

Кыргызстанга иштегени келип фронтко кеткен өзбек, тажиктер тууралуу маалыматтар да табылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейде Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргыз жоокерлердин маалыматтары такталууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматтарды россиялык "Атын кайтаруу" аскердик-мемориалдык долбоорунун жетекчиси Григорий Скворцов министрликке өткөрүп бергени кабарланды.
"Ал бизге Кызыл Армиянын 1800дөн ашык кыргыз жоокери тууралуу маалыматты өткөрүп берди. Ал ар бир жоокерге фашисттер тарабынан берилген документтер камтылган концлагерлердин картотекасынын көчүрмөсү болуп саналат. Курсант жоокердин сөөгү коюлган жерди аныктоо, анын жакындары жана жашаган жери жөнүндө маалыматтарды табуу үчүн карточкалардын ар бирин изилдеп, атайын реестрге киргизүүгө даярдайт. Ал жерде республиканын бардык аймактарынын тургундары жөнүндө маалыматтар бар", — деди министрлик.
Документтердин ичинен 200 православ жоокеринин тагдыры белгилүү болгон.
Ошондой эле 30-жылдары Кыргызстанга иштегени келген өзбек, тажиктердин аты-жөнү, алар кайсы жерден фронтко кеткени тууралуу маалыматтар табылганы кошумчаланды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Кавказ кармашынын тарыхы. Видео