Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Украина аскерлери Курск жашоочуларын атып жатат, ал эми Батыш унчукпай турат

Гаагада 8-октябрдан бери Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмдун аткаруу комитетинин 107-сессиясы өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Украиналык улутчулдар Курск облусунун жашоочуларын атып, кордоп жатса да Батыш унчукпай турат. Бул туурасында РФтин Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмдун (OPCW) алдындагы РФтин өкүлү жана Нидерландиядагы элчиси Владимир Тарабрин айтканын РИА Новости жазды.
Гаагада 8-октябрдан бери Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмдун аткаруу комитетинин 107-сессиясы өтүп жатат. Иш-чара бүгүн аяктайт.
"Үчүнчү Рейх учурундагы шеврон жана каскачан украин улутчулдары Курск облусунун жашоочуларын атып, кордоп жана туткун кылып айдап кетип жатышат. Бирок Батыш үндөгөн жок, "орустарга жашоого укук берилбейт да", — деди Тарабрин аталган сессияда сүйлөп жатып.
Ал Украинада эркек кишилерди уурдап, согушка жөнөтүп, ал эми жер которуп качып кетүүгө аракет кылгандарды чек ара өтмөгүнөн атып салып жаткан учурларды Батыш эмнегедир байкабайт деди. Мындан сырткары, Украинада өлкөнүн Конституциясын бузуп шайлоодон баш тарткандарына да Батыш үндөбөгөндүгүн эске салды.
"Ошол эле учурда Украинанын ЕБ менен НАТОго тезирээк кириши боюнча чакырыктар айтылууда. Бул жерден дал ушундай Украина Батыштын демократиялык стандарттарына туура келери боюнча бүтүм чыгарууга болот", — деп дипломат сөзүн жыйынтыктады.
Буга чейин РИА Новостиге россиялык күч түзүмдөрүндөгү маалымат берген булактар Украина аскеринин курскиликтерди кордоп, мазактаганы боюнча далил видеодон чыкканын билдирген. Ал Курск облусунун аймагында жок кылынган украиналык согушкердин каскасына тагылган экшн-камерага тартылып калган дешкен.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-августунда саат 5:30да Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган. Россиянын Коргоо министрлигинин соңку маалыматына таянсак, Курск багытындагы кармашта каршылаш тарап 20 миңден ашык аскеринен ажыраган.
Россиянын президенти Владимир Путин Киев режими чагым кылып жапырт аткылагандыгын, анын ичинде жай жарандарга да ок чыгарылып жаткандыгын белгилеген. Ал каршылаштар тиешелүү жообун аларын, Россия алдыга койгон максатына жетерин айткан.
Курск, Белгород жана Брянск облустарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында контртеррордук режим иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик АКШга Киевдин химиялык куралды колдонуу планы боюнча эскертти