Радио

Баасы 100 миң сомдон ашкан маркаланбаган күйүүчү май ээсине иш козголот

Салык кызматынын акциздик товарларды контролдоо жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов күйүүчү майларды маркалоонун максаты тууралуу айтып берди.
Sputnik
2025-жылдын 1-январына чейин үч ай аралыгында өлкөгө кирген жана өндүрүлгөн күйүүчү майларды маркалоо иши толук жолго коюлат. Бул тууралуу Бакыт Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, отунду маркалоо Салык кодексинин 345-беренесин аткаруу максатында киргизилип жатат. Андан тышкары, КРдин өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 токтому кабыл алынган.

"Атайын токтомдун негизинде отунду маркалоого "Учкун" ачык акционердик коому оператор катары бекитилген. Бул система өлкөгө кирип жаткан жана өндүрүлгөн күйүүчү майдын так көлөмүн аныктоо үчүн киргизилген. Салык толук бюджетке түшүшү керек. Элге ыңгайлуу. Анткени ар кандай контрафактылык товарлардан жана күйүүчү майга ар кандай кошулмаларды кошуудан коргоо максатын да көздөйт. Маркалоо системасынын натыйжасында отундун сапатын текшерүүгө, кошулмаларды аныктоого болот. Маркаланбаган күйүүчү май аныкталса же анын көлөмү, сапаты туура эмес чыкса аны убактылуу сатыкка чыгартпайбыз. Ал эми сатылып жаткан же сакталып турган күйүүчү майдын маркаланбаганы аныкталса жана анын баасы 100 миң сомдон ашпаса 65 миң сом административдик айып салынат. Ал эми баасы 100 миң сомдон ашса, анда иш козголот. Ошондой эле ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн күйүүчү майы заводдон маркаланып, андан кийин гана аймактан сыртка чыгарылат", — деди Акматов.

Ал айрымдар өлкөгө кирген күйүүчү майга жана чийки сырьёго ар кандай нефрас өңдүү эритмелерди кошуп сапатсыз товарларды жасашарын да кошумчалады.