Мукаш Ырсалиев жана Жылдызбек Ниязалиев тууралуу эмне белгилүү?

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кечээ спорт дүйнөсүндө төбөсү көрүнүп калган адамдардын ич ара пикир келишпестигинен улам Бишкектеги бокс залдарынын биринде ок атылды. Натыйжада AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси Мукаш Ырсалиев каза таап, белгилүү машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиев жардамчысы экөө ок жеп, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.
Милиция алгач Ырсалиев залга келип, ортодогу акча маселесинен улам Ниязалиевге доо кое баштаганын билдирди. Ырсалиев "Сайга" куралы менен Ниязалиевди ичке атып, андан кийин С.Э. аттуу жаранды бутка аткан. Акыры экөө күрөшө кетип, кокусунан атылып кеткен ок Ырсалиевдин башына тийген. Тартип сакчылар анын ошол жерде каза болгонун билдирди.
Окуядан кийин милиция кылмыш ишин козгоп, ИИМ жетекчилиги тергөөнүн жүрүшүн өз көзөмөлүнө алды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңжалдын башкы катышуучулары тууралуу материал даярдады.

Мукаш Ырсалиев

Мукаш Ырсалиев — AIBA уюмунун экстра-класстагы рефериси. 54 жашта. Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынан.
1983-1987-жылдары Фрунзедеги Надежда Крупская атындагы спорттук интернатта билим алган.
Өспүрүмдөр, жаштар арасында төрт жолу Кыргызстандын биринчилигинде жеңүүчү болгон. Союздук мелдештерге катышып, Россияда, Казакстанда өткөн турнирлерде чемпион болуп, байгелүү орундарды багындырган.
Кийинчерээк Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, ал жерде да бокс боюнча мелдештерде рингге чыгып турган, бирок боксчу катары спорттук карьерасы 20 жашында эле жыйынтыкталган.
18 жылдан кийин, 2008-жылы, бокска кайтып келип, калыс катары мелдештерге чыга баштаган. 2011-жылы бокс боюнча Казакстандын Астана шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатындагы калыстыгы үчүн AIBA уюмунун президенти Чинг Куо ВУнун колунан алтын медаль жана сертификат алган. Мындан сырткары, ал 11 жылдан бери өспүрүмдөр, жаштар, кыз-келиндер, чоңдор арасындагы алты дүйнө чемпионатын, үч Европа чемпионатын, жети Азия чемпионатындагы беттештерди тейлеген.
Ырсалиев 2020-2021-жылдары Лондон жана Париж шаарларында өткөн Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү Европалык тандоо мелдешиндеги беттештерде калыс болгон.
Бокс боюнча Советтер Союзунун (СССР) спорт чебери, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) экстра-класстагы калысы болуп саналат.
Ырсалиев 2010-жылдан тарта аталган эл аралык уюмдун калыстар тобуна мүчө болчу. Быйыл Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында мыкты арбитр деп таанылган.
ИИМдин спецназында кызмат өтөгөн, милиция ардагерлеринин коомдук бирикмесинин мүчөсү болчу. Спортчуга курал сактоого жана алып жүрүүгө уруксат 2023-жылдын июнунда берилген.

Жылдызбек Ниязалиев

Бир жыл мурун социалдык тармактарда Жылдызбек Ниязалиев Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери экени көрсөтүлгөн. Орзубек Назаровдун залында машыктыруучу болуп иштээри айтылган.
2021-жылдын жазында Спорт мамлекеттик агенттиги Ниязалиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын улук машыктыруучусу экенин жазган. Бир катар мелдештерде мыкты машыктыруучу деп таанылган. Алсак, 2016-жылы Кыргызстандын чемпионатында жана Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык турнирде мыкты аталса, ошол эле мелдеште Мукаш Ырсалиев мыкты калыс деп таанылган.

Ырсалиевге кандай айып коюлган

Ушул жайда Ниязалиев УКМКга кайрылганы белгилүү болду. Анын айтымында, 2010-жылы насыя алып, курулуш базарын ачуу үчүн "Жунхай" базарынын жанынан 8,5 сотых жер тилкесин сатып алган. Бирок кийин базар Ырсалиевге өтүп кеткен.
УКМКнын маалыматы боюнча, Ырсалиевдин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгон. Ал жабырлануучунун ишенимине кирип, тиешелүү документтерге ээ болгону айтылган. Криминалдын колдоосу менен Ниязалиевдин "Дордой" базары жакта жайгашкан "Береке" базарын тартып алган деп кине коюлган.
Ырсалиевге "Ири суммадагы алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Анын жактоочулары кылмыш ишинин козголушунун мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылышкан. Алардын маалыматы боюнча, спортсмендердин ортосунда сатуу-сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.
Ырсалиев 4-октябрда бошотулган. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сунушту УКМКнын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү берген. Ал сотто Ырсалиевге карата козголгон иш кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскарганын жүйө келтирген болчу. Анткен менен ошол эле күнү атайын кызмат анча оор эмес кылмыштардын категориясындагы "Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча башка иш козгогон.
Нытайжада сот эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде Ырсалиевди бошоткон.
Бокс залындагы атышуудан жаракат алгандардын абалы айтылды