Ысык-Көл: селден жабыркагандар үчүн үйлөр курула баштады

Жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү максатында мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Темир айылындагы селден жабыркагандар үчүн турак үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Темир айылындагы селден жабыркагандар үчүн турак үйлөрдүн курулушу башталды

2 / 3

Аким Жапарбек Ормоновдун айтымында, Ысык-Көл районунда селден 301 кожолук жабыркап, алардын 29у жараксыз деп табылган

3 / 3

Бул үй-бүлөлөргө 1 миллион сомдон жардам көрсөтүлгөн. Калган жабырлануучулар үйлөрүнүн бузулушуна жараша материалдык жардам алышат.

Аким Жапарбек Ормоновдун айтымында, Ысык-Көл районунда селден 301 кожолук жабыркап, алардын 29у жараксыз деп табылган. Бул үй-бүлөлөргө 1 миллион сомдон жардам көрсөтүлгөн. Калган жабырлануучулар үйлөрүнүн бузулушуна жараша материалдык жардам алышат.
Облус башчысы Уланбек Далиевдин белгилешинче, селдин кесепетин жоюу жана жабырлануучуларга компенсация төлөп берүү максатында мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыгын атайын эсепке которуп, демөөрчүлөр жардам көрсөтүүдө.
Турак үйлөрдүн курулушу түрк компаниясы тарабынан жүргүзүлөрү кошумчаланды.
Эскерте кетсек, 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Темир, Булан-Сөгөттү, Корумду айылдарын суу каптаган. Окуя болгон жерге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров барып, селден жабыркагандарга жардам берилерин айткан.
Көлдө селден жабыркагандарга гуманитардык жардам жеткирилди. Сүрөт