ӨКМ: жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүп, жолдорду капташы ыктымал

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 13-октябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам айрым жерлерде сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сел жүрүү ыктымалдуулугу бар аймактар:
Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда;
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп райондорунда;
Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда;
Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда;
Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда;
Бишкек шааррында.
Төмөнкү унаа жолдорунда дагы сел кооптуулугу бар:
Бишкек — Ош унаа жолунун 150-246-чакырымында;
Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24-чакырымында:
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138-чакырымында.
Министрлик жарандарды өзгөчө кырдаал жаралса ӨКМдин бөлүктөрүнө же 112 бирдиктүү кызматына билдирүүнү өтүнгөн.
Шашылыш билдирүү! Алдыдагы аптада күн сууктайт