Бокс залындагы атышуудан жаракат алгандардын абалы айтылды

Атышуудан жаракат алгандарга операция жасалып, экөө тең жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 10-октябрдагы атышуудан жаракат алгандар учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, жаракат алгандарга операция жасалган.
"Жылдызбек Ниязалиев кечээ Улуттук хирургия борборунда операция болду. Ок анын боору менен өпкөсүн тешип өткөн, эки литр кан жоготуптур. Учурда көрсөткүчтөрү жакшы, жандандыруу бөлүмүндө. Ок жеген экинчи адам 4-ооруканада (Тез жардам кызматынын клиникалык ооруканасы), анын мээси чайкалган. Үчүнчүсү жеринде каза болгон", — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Эске сала кетсек, 10-октябрда 7-кичи райондогу бокс залында атышуу болгон. Андан бир киши каза таап, экөө жаракат алган. ИИМдин маалыматында ок эки өнөктөштүн ортосундагы чырдан кийин атылган. Белгилүү болгондой, бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жаракат алган. Ал эми каза болгон адам Эл аралык бокс ассоциациясынын үч жылдыз даражасындагы калысы Мукаш Ырсалиев экени белгилүү болду.
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео