Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам сунушталды

Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору сунушталды. Аны Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды.
Анда учурда ар бир бала телефон, компьютер, планшет сыяктуу гаджеттер аркылуу интернетке кире алары жана аларды терс маалыматтардан коргоо актуалдуулугу күч алганы жазылган. Ал эми байланыш операторлору кызмат көрсөтүүгө жоопкерчилик алат, бирок үчүнчү тарап тараткан маалыматтын мазмунун көзөмөлдөбөсү, мындан улам балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кошумча каражаттарды колдонуу зарылдыгы белгиленүүдө.
"Балдар жана өспүрүмдөрдүн психикалык абалына, адеп-ахлагына жана руханий өнүгүүсүнө маалыматтардын көзөмөлсүз агымы терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча, психикалык жактан туруксуз окуучулар үчүн бул чоң коркунуч жаратат. Ошондуктан балдардын аппараттарына "ата-эне көзөмөлү" программаларын орнотуу сунушталууда. Байланыш операторлору ата-энелерге мындай кызматтарды кошуп бере алышат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле байланыш сырдуулугу Конституция менен корголгонун эске алып, операторлор маалыматтардын мазмунуна кийлигишпей турганы кошумчаланган.
Психолог балдардын смартфонго катуу байланып калган себебин түшүндүрдү