Кыргызстандын футболчулары Катарга 3:1 эсебинде жеңилип калды

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандын “ак шумкарлары” дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турундагы беттеште Катардын футболчуларына утулуп калды.
Дохадагы таймаш ошентип 3:1 эсебинде катарлыктар үчүн ийгиликтүү болду. Ал эми Кыргызстандын жалгыз голун Алимардон Шүкүров киргизди.
Алдыда дагы жети матч бар. Жакынкысы Бишкек калаасында төрт күндөн кийин болмокчу.
Буга чейин дүйнө чемпиондугуна тандоонун алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстандын футболчуларына 2:3 эсебинде утулуп калган. Ага чейин “ак шумкарлар” ирандыктарга жеңилген.
Кубанып, секирип, сүйүнүп... Ташиевдин футбол оюнунан кийинки видеосу