БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын көлөмү өсүүдө.
Статкомдун маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-август айларына карата сооданын көлөмү 3,2 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга көп.
Сооданын орчундуу үлүшү Россия (71,2%) менен Казакстанга (26,9%) туура келет.