БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) менен Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) бир катар тармактарда кызматташа алат. Бул тууралуу инвестициялык саммиттин сессиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Элдар Алишеров билдирди.
Анын айтымында, Евразияда тоскоолдуксуз экономикалык мейкиндикти куруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш алып баруу керек.
"Интеграция — бул экономиканы туруктуу кылып, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, тышкы таасирлерди жумшарта турган жана негизги көрсөткүчтөрдү жакындатчу курал", — деген Алишеров.
Ал ЕАЭБ менен АСЕАН санариптешүү, өнөр жай кооперациясы, транспорт жана логистика, азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктура жана энергетика тармагында кызматташа аларын белгиледи.