БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы бардык азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин арзан баада сатып алуу пунктулары уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
© Фото / пресс-служба Минсельхоза
Маалыматка ылайык, бул өлкөдөгү эттин баасын турукташтыруунун алкагында жасалууда.
"Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун азык-түлүк базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан этти ортомчусуз фермерлердин баасында сатып алууга чакырат", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Өлкөдө соңку мезгилдерде эттин баасы өсүп жатканы айтылып келет.