БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунааны сатууда (кайра каттоодо) камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүчү норма министрлер кабинетинин тиешелүү токтому менен жокко чыгарылды.
Эми сатылган унаанын камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, унаанын жаңы ээси камсыздандыруудан өтүүгө милдеттүү эмес.
Мындан тышкары, мурунку ээси камсыздандыруудан өткөргөн автоунааны сатып алуучу полисин өзүнүн атына кайра каттата алат.
Эгер каттоо учурунда камсыздандыруу суммасы көбөйсө, анда камсыздандыруу компаниясы кайра эсептөөгө милдеттүү жана жаңы ээси айырманы гана төлөп бериши керек.