БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жерге C/2023 A3 Tsuchinshan-ATLAS аталышындагы гигант комета жакындап келе жатканын CNN жазды.
Маалыматка ылайык, кометаны бүгүн түндөн баштап көрүүгө болот. Ишемби күнү космостук объект жерге болушунча жакындап, аралык 70 миллион чакырымга жетиши ыктымал.
"Ал метеорит сыяктуу сызып өтпөйт. Жөн эле асманда илинип тургандай көрүнүп, акырындык менен позициясын өзгөртөт. Адам кометаны көргөндөн кийин дүрбү менен карап нес болот", — деди НАСАнын өкүлү Билл Кук.
Караңгыда комета куйругу бар оттуу шардай көрүнөт. Ушуну менен бул кометаны 80 миң жылдан кийин гана көрүүгө болот.
НАСАнын маалыматы боюнча, бул кометанын учуусу биринчи жолу документтештирилүүдө.
Tsuchinshan–ATLAS 2023-жылы Кытайдын Tsuchinshan обсерваториясынын байкоочулары жана Түштүк Африкадагы ATLAS (Asteroid Terrestrial Impact Last Alert System) телескобу аркылуу ачылган.