Бокс залындагы атышуунун чоо-жайын Бишкек ШИИБ билдирди

Куралчан киши өзүнө кол салды деген маалыматты милиция четке какты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы бокс залында адам өлүмү менен коштолгон окуянын чоо-жайын айтып берди.
Эске сала кетсек, окуя борбордогу 7-кичи райондо 10-октябрда болгон. Атышуудан бир киши каза таап, экөө жаракат алган. ИИМдин алдын ала маалыматында, ок эки өнөктөштүн ортосундагы чырдан кийин атылган. Ишенимдүү булактар бокс боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиев жаракат алганын айтууда.
Шаардык милиция билдиргендей, М. жана Н. аттуу адамдардын ортосунда акчанын айынан түшүнбөстүктөр болуп келген. Ал киши машыктыруучу иштеген 7-кичи райондогу спортзалга нааразылыгын айтуу үчүн барган.

“Чатак ырбап, Н. аттуу жаранды аңчы мылтыгы менен ичке аткан М. андан кийин арачага түшкөн Э. аттуу кишини бутунан жарадар кылган. Ал мылтыкты өзүнө мээлетпөө аракети менен каршылык көрсөтүп, экөө жерге жыгылган. Кол салды деген кишинин башына бул курал талашта кокусунан ок атылып, көз жумган”, — деп билдирди Бишкек ШИИБ.

Белгилей кетсек, буга чейин куралчан киши ок жеген адамдар каза болду деген ойдо өзүнө кол салган деп айтылган.
Бул окуянын негизинде “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, окуянын дагы башка жагдайлары аныкталууда.
Ала-Букада трассадан ок атылып, шектүү кармалды. Видео