1000ден ашуун киши каза болду. Израиль Бейрутту бомбалоону улантууда

Тель-Авивдин бомбалоосунун кесепетинен миңден ашуун адам өмүрүнөн ажырап, 90 миңге жакыны үй-жайын таштап качкынга айланды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бейруттун борборуна Израиль аскерлеринин койгон чабуулунан көз жумгандардын саны 22ге жетти. Бул туурасында Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин Тез жардам борбору билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жаңыланган маалыматтарга таянсак, каршылаштардын Бейрутка урган соккусунан өлгөндөрдүн саны 22ге жетип, 117 киши жаракат алды", — деп айтылган алардын отчетунда.
Бейшемби күнү Израиль армиясынын учактары бул калаанын борборундагы Рас ан-Набаа деп аталган районун аткылаган. "Галей ЦАХАЛ" радиосу бута "Хезболланын" жогорку адамдарынын бири Вафик Сафа экенин билдирген.
Израиль ушул жылдын 1-октябрынан тарта Ливандын түштүгүндөгү шииттердин "Хезболла" кыймылына каршы аскердик операцияларды жүргүзүп, бомбалоону улантууда. Анын кесепетинен миңден ашуун адам, анын ичинде уюмдун лидерлери каза болуп, 90 миңге жакын адам үй-жайын таштап качкынга айланды. Жоготууларга, анын ичинде башчылык курамдагы өлүмдөргө карабастан "Хезболла" жерден жооп кайтарып, Израилдин аймагын ракета менен аткылап келет.
Тель-Авив согуштук кампаниясынын негизги максаты бир жыл мурда палестиналык ХАМАС кыймылын колдоп, "Хезболла" тарабынан башталган аткылоолордон улам эвакуацияланган түндүк аймактагы 60 миң тургундун үйлөрүнө кайтып келүүсүнө шарт түзүү экенин айткан.
Эрдоган: Израилдин Газа жана Ливандан кийинки бутасы "түрк жерлери" болушу мүмкүн