АКШдагы "Милтон" бороонунан жабыркаган кыргызстандыктар элчиликке кайрыла алат

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Флорида штатында (АКШ) каттоодо турган жана жашаган Кыргызстандын жарандары "Милтон" бороонунан жабыркаган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, бул штатта 100гө жакын мекендеш жашайт. Кыргызстандын элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн жарандар жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышта.
АКШдагы 3-категориядагы бороондон кеминде 16 адам каза болуп, 3 миллион тургун жарыксыз калды. Бороон штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.
Эгерде бул штатта жашаган Кыргызстандын жарандары кеңешке муктаж болсо элчиликтин ыкчам номерлерине кайрыла алышат: +1 202 256 2924, +1 312 929 34 42.
Жерге өтө чоң комета жакындап келе жатат. Каалоочулар аны көрө алат