15-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу жок болот

"Бишкек суу канал" ишканасы элден сууну алдын ала камдап алууну суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 15-октябрда саат 9:00дөн 23:00гө чейин Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Өчүрүү аймагы чектешкен көчөлөр:
Алыкулов көчөсү — Кустанай — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча суусу — Рыскулов (Дэн Сяопин көчөсү) — Интергельпо — Темир жол линиясы;
(Пригородное айылы) Юбилейная көчөсү — Горький — Садовая көчөсү (Пригородное айылы) — Чоң Чүй каналы;
Аскерлер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, Достук кичи району.
Суу "Западный" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрдө оңдоо иштерине байланыштуу жок болору кошумчаланды.
"Бишкек суу канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, элден таза сууну алдын ала камдап алууну суранды.
Вице-мэр накталай жол кире эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрдү