12-октябрга карата аба ырайы

12-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ишемби күнү бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +12...+17 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
ӨКМ: жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүп, жолдорду капташы ыктымал