Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Дүйнө жаңы кыйынчылыктарга туш болгон доордо жашап жатабыз. Климаттын өзгөрүшү болобу, ааламдашуу же технологиялык революция болобу, баарына туруштук берүүгө даяр турушубуз керек. Дал ушундай учурда биз өткөндүн сабактарына, өнүгүү жолун көрсөткөн улуу ойчулдарга кайрылуу зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ашхабаддагы форумда айтканын маалымат кызматы кабарлады. Учурда аталган шаарда улуу түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өтүп жатат. Президент сөзүн Чыңгыз Айтматовдун Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы жөнүндө айткан сөзү менен баштап, түркмөн элине кыргыз жазуучусуна эстелик тургузгандыгына ыраазычылык билдирди. Жапаров ошондой эле Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгы жөн гана маараке эмес, бул келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчиликти эскерте турган иш-чара экенин белгилеген. Анын айтымында, бул тынчтыкты сактоо, ар бир элдин каада-салтын урматтоо, өз ара түшүнүшүү сапаттарына негизделген коом түзүүдө башкы жоопкерчилик болуп саналат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу селден жабыркаган эки тургунга баласы салып берген үйлөрдүн ачкычын тапшырды. Беш бөлмөлүү үйлөр Таймурас Ташиевдин каражатынан айылдагы төрт балалуу жалгыз бой эне менен дагы бир тургунга эки айда салынып берилген. "Мен балдарыма ар дайым эл-журтка күйүмдүү болууга, мүмкүнчүлүкө жараша жардам колун сунууга чакырып келемин жана Таймурас уулумдун бул мекендештерибизге жасаган кызматы үчүн ыраазымын", — деди Ташиев.
Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейде Россиянын Коргоо министрлигинин борбордук архивиндеги Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон кыргыз жоокерлердин маалыматтары такталууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматтарды россиялык "Аттын кайтаруу" аскердик мемориалдык долбоорунун жетекчиси Григорий Скворцов министрликке өткөрүп бергени кабарланды. "Ал бизге Кызыл Армиянын 1800дөн ашык кыргыз жоокери тууралуу маалыматты өткөрүп берди. Ал жерде республиканын бардык аймактарынын тургундары жөнүндө маалыматтар бар", — деди министрлик. Документтердин ичинен 200 православ жоокеринин тагдыры белгилүү болгон.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен Евразиялык экономикалык биримдик бир катар тармактарда кызматташа алат. Бул тууралуу инвестициялык саммиттин сессиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Элдар Алишеров билдирди. Анын айтымында, Евразияда тоскоолдуксуз экономикалык мейкиндикти куруу үчүн шарттарды түзүү боюнча иш алып баруу керек. "Интеграция — бул экономиканы туруктуу кылып, атаандаштык жөндөмдүүлүктү жакшыртып, тышкы таасирлерди жумшарта турган жана негизги көрсөткүчтөрдү жакындатчу курал", — деген Алишеров. Ал аталган эки уюм санариптешүү, өнөр жай кооперациясы, транспорт жана логистика, азык-түлүк коопсуздугу, инфраструктура жана энергетика тармагында кызматташа аларын белгиледи. ///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 85 сом 20 тыйынга евро 93 сом 15 тыйынга рубль 86 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 12-октябрга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ишембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +12...+17 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.