Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын тургундарын коомдук транспортто жүрүүдө жол кире акысын "Тулпар" же башка карта менен төлөөгө чакырды. Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы накталай төлөмдөр үчүн жол кирени көтөрүүнү пландап жатканы кабарланган. Максаты — калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу. Өлкө башчы шаардыктар карта менен төлөөгө өтпөсө мэрия накталай жол кирени көтөрүүгө аргасыз болорун белгиледи. "Тулпар" же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт. 17 сом бойдон калат. Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этер жерин айтканда, айдоочунун чөнтөгүнө кетет. Накталай эмес төлөгөндө гана акчанын баары автобазанын эсебине түшөт дагы автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат", — деди президент. Ал ошондой эле накталай төлөөнүн дагы бир жаман жери айдоочуга тоскоолдук жаратып, жол кырсыкка кабылуу тобокелдигин жогорулатып жатканын белгиледи. Президент накталай төлөм улана берсе мэрия анын баасын айласыз көтөрө турганын кошумчалады.
2025-жылдын 1-январына чейин үч ай аралыгында өлкөгө кирген жана өндүрүлгөн күйүүчү майларды маркалоо иши толук жолго коюлат. Бул тууралуу Салык кызматынын акциздик товарларды контролдоо жана маркалоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, маркалоо Салык кодексинин 345-беренесин аткаруу максатында киргизилип жатат. Ал айрымдар өлкөгө кирген күйүүчү майга жана чийки сырьёго ар кандай нефрас өңдүү эритмелерди кошуп сапатсыз товарларды жасашарын да кошумчалады.
"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары жана "Түштүк" филиалынын директору ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Билдирүүгө ылайык, аталган эки кызматкер коррупцияга аралашкан. "Ишканада жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн "Кыргызкөмүр" ишканасынын башкы директорунун инвестициялык ишти жана ишкананын "Түштүк" филиалын тескеген орун басары жана ишкананын "Түштүк" филиалынын директору ээлеген кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Украиналык улутчулдар Курск облусунун жашоочуларын атып, кордоп жатса да Батыш унчукпай турат. Бул туурасында Россиянын Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмдун алдындагы өкүлү жана Нидерланддагы элчиси Владимир Тарабрин айтканын РИА Новости жазды. Гаагада 8-октябрдан бери Химиялык куралды колдонууга тыюу салган эл аралык уюмдун Аткаруу комитетинин 107-сессиясы өтүп жатат. Иш-чара бүгүн аяктайт. "украин улутчулдары Курск облусунун жашоочуларын атып, кордоп жана туткун кылып айдап кетип жатышат. Бирок Батыш үндөгөн жок, "орустарга жашоого укук берилбейт да", — деди Тарабрин аталган сессияда сүйлөп жатып. Ал Украинада эркек кишилерди уурдап, согушка жөнөтүп, ал эми жер которуп качып кетүүгө аракет кылгандарды чек ара өтмөгүнөн атып салып жаткан учурларды Батыш эмнегедир байкабайт деди.