ОПЕК фонду менен жеке сектордо кызматташуу Кыргызстанга эмне берет?

Sputnik
22-августта Кыргыз Республикасы жана ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду онлайн режимде Жеке сектордо кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашууга кол коюшту.
Бул документ ОПЕК фонду менен жеке сектордогу долбоорлорду каржылоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилейт. Анын ичинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн насыяларды жана/же кепилдиктерди берүү, кабыл алуучу өлкөдө катталган компаниялардын акцияларын сатып алуу, финансылык каражаттарды карызга алуу, сактоо, пайдалануу жана тескөө жана эсептерди каалаган валютада жүргүзүү каралган.
ОПЕК фонду долбоорду жеке демилгелерди каржылоо жөнүндө чечимди өз баалоосунун негизинде кабыл алат.