"Бишкеклифт" борбордогу 48 лифтти модернизацияланды — быйыл жалпы канча лифт жаңыланат?

Sputnik
"Бишкеклифт" ишканасында карамагында жалпы 966 лифт бар. Анын 70 пайызынын эскилиги жеткен. Ишкананы быйыл жалпы 100 лифтти алмаштырышы керек. Жылдын башында тендер өткөрүлүп, жумуш апрель айында башталды. Бүгүнкү күндө баш калаа боюнча 48 лифт толук алмаштырылып, пайдаланууга берилди. Ал эми 12си аяктоо алдында турат. Калганы жылдын аягына чейин которулат.
Буга чейин ишкананын бюджетине ылайык, жылына 15-20дан эле лифт алмаштырылчы. Былтыртан баштап 100дөн лифт жаңыланууда. 2023-жылы 102 лифт модернизацияланганын «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев маалымдады.