Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 адамга 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жиберилген. Натыйжада 1 510 кызмат адамы жалпы суммасы 6 млн 40 миң сомду түзгөн айып пул түрүндөгү жаза чарасына тартылышты. Ал эми калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында.
Билим берүү жана илим министрлиги мектептердин 80 миң мугалимин ноутбук менен камсыз кылууну пландоодо. Буга байланыштуу мекеме ноутбуктарды сатып аларын жарыялады. Министрлик адегенде жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон коммерциялык сунуштарды күтөт. Анда жеткирүүнүн мөөнөтү да көрсөтүлүшү керек. Бул аракеттер министрликке ноутбуктарды сатып алуунун алдында анын баасына мониторинг жүргүзүүгө жардам берет. Баалары көрсөтүлгөн сунуштар бугун, 11-октябрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат.
Россиянын жогорку окуу жайларына 2025/26-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги билим жана маданият борбору билдирди. Маалыматка ылайык, окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абитуриенттер үчүн акысыз. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат. Документтер 2025-жылдын 15-январына чейин бул сайтта кабыл алынат. "Кыргызстандын жарандары үчүн Россиянын ЖОЖдорунан 700 квота бөлүндү. Бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана Россиядагы студенттик жашоо тууралуу 14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда өтө турган орус-кыргыз билим форумунун алкагындагы билим берүү көргөзмөсүнөн кеңеш алууга болот. Кирүү акысыз", — деп айтылат маалыматта. Тандоонун биринчиси Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен болсо, экинчиси Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен өтөрү кошумчаланды.
Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы эми жол боюнда соода кылгандар менен күрөшүп, рейддерди өткөрө баштайт. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Буга чейин мыйзамсыз башаламан соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзүп келген. "Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чара көрөт. Белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндөргө 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат", — деп эскертти мэрия. Буга чейин "Башаламан соода" аталышындагы рейдди Бишкек шаардык милициясынын ка